Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

22.05.2020 14:27
1051
Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду


Президент Сооронбай Жээнбековдун атына Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн