Жети-Өгүздүн Сырт өрөөнүнүн Бум-Бел жайытында дайынсыз болгон чабан изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 67 жаштагы С.Б аттуу чабан 24-июлдан тарта дайынсыз болууда.
ӨКМден 5 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана Жайыт комитетинен 4 кызматкер тартылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн