Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жети продукт БАБП Баткен-Брендинин сертификатын алды (тизме)

02.03.2024 10:48
729
Жети продукт БАБП Баткен-Брендинин сертификатын алды (тизме)


 Баткенде күн мурун “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун бренд-комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ага ведомствонун региондор аралык башкармалыгынын, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Анда ишкерлер тарабынан жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен жасалган продукциялар көрсөтүлүп, жыйынтыгында БАБП Баткен-Бренди сертификаттары төмөнкү продукцияларга ыйгарылды:

- Өрүк майы – Төлөмүшев Турсуналы;

- Жүзүм ширеси 100% – Дусматова Гүлнара;

- Өрүк печеньеси «Айгүл» – Ахматова Барнохан;

- Малина ширеси – Жусупбекова Сапаргүл;

- Малина печеньеси – Уланбек кызы Рахима;

- Кургатылган итмурундар – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Үч-Коргон токой чарбасы;

- “Ак-Турпак” күрүчү – Алина Ысакова.

Белгилей кетсек, бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкердикке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн