Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жыл башынан бери азык-түлүктүн баасы 12 пайызга кымбаттады

11.08.2022 16:34
956
Жыл башынан бери азык-түлүктүн баасы 12 пайызга кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.


Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга баалар 5,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 4,9 пайызга өстү.


Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди.


Муну менен бирге баалардын (14,4 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленди. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (27,1 пайызга) болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн