Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жыл башынан бери билим берүү тармагына бюджеттен канча каражат бөлүнгөн?

05.09.2023 15:50
762
Жыл башынан бери билим берүү тармагына бюджеттен канча каражат бөлүнгөн?


Жыл башынан бери республикалык бюджеттен билим берүү жана илим тармагына 33,9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга карата жылдык такталган план боюнча 52 млрд сом каралган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көп.

Бөлүнгөн каражат төмөнкү багыттарга жумшалды:

- эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө 32,8 млрд сом;
- билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын "Тамак-аш" беренеси боюнча
чыгашалар 454 млн сом;
- билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70,9 млн сом;
- жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152 млн сом;
- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;
- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4,8 млн сом;
- "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1,8 млн сом;
- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114,1 млн сом суммасында;
- мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн