Жылдызкан Жолдошева "Мекенчил" партиясынын алдыдагы шайлоого катышпай турганы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтмында “Мекенчил” партиясынын курамсында жаш, прогрессивдүү талапкерлер болгон.
«Эгер партия шайлоого катышпай турган болсо бул абдан кейиштүү. Анткени партияда жогорку билимдүү жаш балдар бар болчу. Алар 4-октябрдагы шайлоодо мыкты иштеген болчу. Бирок шайлоо жыйынтыгын БШК жокко чыгарды. Мына эми, шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартып, "Мекенчилдин" түптөөчүлөрү аларга жөн гана чыккынчылык кылышты», - деди Жылдызкан Жолдошева.
Пикирлер (1)