Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жылуу сууну жолго коё албаган Эмилбек Абдыкадыров эмнени кыйратат?

01.07.2022 14:04
3688
Жылуу сууну жолго коё албаган Эмилбек Абдыкадыров эмнени кыйратат?


Ушул күндөрү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Жибек Жолу көчөсүнүн 222 номердеги көп кабаттуу үйдө ысык суу каалаган убакта өчүрүлүүдө. Жайдын аптабы бул болсо, майланыша тердеген жашоочулар керектүү деңгээлде ысык сууну пайдалана албай, ыңгайсыздык жаралууда. Кызыгы, дал ушул Жибек Жолу көчөсүнүн 222 көп кабаттуу үйдө көп учурда ысык суу убагында берилбей, каалаган учурда өчүрүлүп калат. Баш калаанын борбордук көчөсүндөгү абал ушул болсо, башка жагы кантти? Бишкекти ансыз да ыпыр-сыпырга айлантышкан жетекчилер куру дегенде ысык суу көйгөйүн тыңгылыктуу чечип беришсе болбойбу? Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровго ушул сыяктуу көйгөйлөр ишине көлөкө түшүрөөрүн түшүнөбү? Эң болбоду дегенде жогорудагы көйгөйгө байланыштуу Бишкек Жылуулук борборунун шалаакы, ишти тыңдай албаган кызматкерлерин жазалоого күчү жетеби? А биз жашоочулар жылуу суу үчүн төлөмдөрдү төлөп жатабыз да, туурабы? Анда неге керек учурда сууну ала-албайбыз? Азырынча бул көйгөйдү калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровго жолдой туралы. Маселени чече албай, кашаңданса, маселеге салкын көз карашта болсо, анда Жапаровдордун өзүнө кайрылууга туура келээр... Күтө туралы.


Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн