Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жыпар Жекшеевдин бейнеси

30.07.2020 13:53
1437
Жыпар Жекшеевдин бейнеси


Көрүнүктүү саясий-коомдук ишмер, көз карандысыз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жыпар Жекшеев 2020-жылдын 21-июлунда 73 жаш курагында оорудан каза болду.


Ж. Жекшеев 1990-жылдардан кийинки өткөөл мезгилде Кыргызстанда демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ, саясий жана коомдук ишмерлердин бири эле.


Ал 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ж.Жекшеев 10-классты аяктап, Түп районундагы Светлый Мысь айылындагы №1 кесиптик-техникалык окуу жайда окуйт. Аны аяктаган соң Бишкектеги С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына өтөт.


Жыпар Жекшеевдин аты коомчулукка дал ушул 70-жылдары, ал сүрөт окуу жайында окуп жүргөндө тааныла баштаган. 3-курстун студенти кезинде ал өзүнө пикирлеш таланттуу жаштар менен бирге "Жаш Тилек" деген уюм түзгөн. Уюмдун максаты –  улуттук маданиятты, жакшы каада-салтты, тарыхыбызды жайылтуу эле.


23 жаштагы Жыпар Жекшеев баш болгон студент жаштар бул багыттагы алгачкы кадамды улуттук кийимди эл арасында даңазалоодон башташ керек деп чечишет. Алар бир күнү чогулуп, “Кыргыз костюмун,  кыргыздын элдик кийимин жасайлы. 15-20 кыргыздын кыз-уландары шаардын көчөлөрүнө нукура кыргыз кийимдерин кийип чыгышсын! Улуттук калоритти сактоо менен заманбап, ыңгайлуу кийимдерди иштеп чыгалы. Ал күндө кийе турган кийим болсун. Жаштарды ойготолу” деп сүйлөшүп, бул идеяны ишке ашыруу үчүн ар ким өз алдынча эскиздерди даярдап, алар кызуу талкуулардан кийин дагы оңдолуп-түзөлө баштайт.


Ошентип иш кызуу жүрүп жаткан күндөрдүн биринде демилгечи студенттерди  окуу жайдын директору кабинетине чакырып: “Балдар, азыркы ишиңерди токтотуп турасыңарбы?”, - дейт. Жаштар “Эмне үчүн?” деп нааразы болушту. “Мезгил келе элек окшойт, - деди директор. КГБга чакырып, “Сен эмне үчүн окуу жайда улутчулдукту өстүрүп жатасың?” деп атышат деген сөздөр айтылган.


Жаштар буга аябай таң калышты. “Бул иштин эмнеси улутчулдук? Улуттук кийимибизди жасай албайбызбы...” деп аябай ызаланышты. Эч кимди укпай башталган ишти уланта беришсе, окуу жайдан айдаларын эскертишти.


Демилгечи Жыпар Жекшеев окуу жайда ишти улантууга мүмкүн эмес экенин түшүнүп, даярдалган эскиздердин мыктыларын тандап алуу үчүн башка окуу жайдын –  Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин аудиторияларынын биринде талкуу өткөрмөк болот. Бирок ал күнү аны күтүүсүздөн университеттин ректорунун кабинетине чакыртышты.


Ректордун кабинетинде анын өзүнөн башка БКнын өкүлү жана дагы бир бейтааныш киши бар экен.  Алар Жыпар менен эки сааттай сүйлөшүп, ал баштаган ишти токтотууну өтүнүштү. Жыпар баш болгон жаштардын демилгеси КПССтин саясатына коошпосун ачык эле айтышты. "Мен коммунизмге, ленинизмге каршы эмесмин. Бир да жерде айтылган эмес да: маданият орустуку болот деп. “Жалпы маданият” дегендин ичинде биздин да маданиятыбыз болуш керек да. Кыргыздар да союздун курамында", деп чый-пыйы чыккан Жыпардын сөзүн эч ким этибарга албады...


Кыскасы, башталган иш токтотулду.  Үч тамга жаштар уюмунун ишмердигин тыкыр көзөмөлгө алып, алардын ар бир кыймылын, эл арасында сүйлөгөн  сөздөрүн катуу тескей баштады. Ал кезде КПСС БКнын Баш катчысы Л.Брежнев СССРде улуттук маселе толук чечилип, жаңы советтик адамдардын коому түзүлгөнүн ырасмий жар салган эле.


Уюмдун жетекчиси катары Жыпар Жекшеевди 6 жолу Кыргызстан Компартиясынынын Борбордук Комитетинде "маектешүү" өткөрүшүп, жаштарды партиянын “линиясынан” чыкпаган, айтканды гана жасаган топко айландырууга катуу аракет жасашты. Бирок жаштардын лидеринин алардын айтканы менен болбосуна көздөрү жеткенден кийин ар кандай шылтоолор менен уюмду күчкө салып жойдуруп тынышты. Ж. Жекшеев КГБнын кара тизмесине түштү. Студенттин партиянын улут саясатына карама-каршы келген аракеттери, диссиденттик көз карашы тууралуу ал туулуп өскөн Көл кылаасындагы Түп районунун Талды-Суу айылына да кабарланды.


Ошентип, жарым кылым мурда студент Жыпар Жекшеев баш болгон жаштардын оймо-чиймелер салынган заманбап улуттук кийимдерди тигели деген аракетине бөгөт коюлган.



Сүрөт окуу жайын аяктаган соң Ж. Жекшеев 1979-жылга чейин сүрөтчү, кийин Каракол шаарында Ысык-Көл облустук сүрөтчүлөр фондунун жетекчиси болуп иштеди. 1980-89-жылдары “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде мугалим болуп эмгектенет. Анын сүрөтчүлүк, обончулук өнөрү коомчулукка анчалык белгилүү эмес. Бирок ал бир нече живопись, пейзаж, натюрмортторду тарткан. Бир кездерде чыгармалары сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган. Анын бала кезинен сүрөтчү болууга ышкысы түшкөнүнө касиеттүү Ысык-Көлдүн ажайып сулуулугу таасир эткени сезилет.


Сүрөт тартуунун ыкмаларын кантип үйрөнгөнү тууралуу ал: ”Мен кесиптик-техникалык окуу жайда окуп жүргөндө ошол жерде Вовль деген орус аксакал киши бар эле. Ал акварель менен сүрөт тартып көлдүн жээгин, жаратылышты укмуш тартчу. Мен андан сүрөт тартуунун ыкмаларын үйрөнүп, сабактан чыгарым менен тамак ичкенди унутуп, ошол аксакалды ээрчип сүрөт тартчумун. Анан ошол кезде эле көргөзмөлөргө сүрөттөрүм коюлуп, ошол кезде “Жаш ленинчи” республикалык балдар журналына сүрөттөрүм басылып чыга баштады. Ошентип сүрөтчү болуу максатымды окуу менен айкалыштырдым”,- деп эскерген.


Жыпар Жекшеев бир нече обон чыгарып, нотага түшүргөн. Бирок ал чыгармаларын угармандар элегине чыгарган эмес. “Кээ бир кезде жан дүйнөң кыйналып турганда же сүйүнгөндө илхамың келип, ыр уйкаштыктары чубуруп түшүп, обондун кайрыктары кулагыма келе калат”, - дейт.


Ал сезиминде биринчи ыр саптарын жазып, анан ичинен аваздын кайрыктарын кайталап жүрүп, обондуу ырларды жаратчу экен. “Кээде күтүүсүздөн ыр саптары келе калат. Анан ошого ылайыкташытырып, обон чыгарам. Обонду ичимден кайрып, аны унутуп калбайын деп кайра-кайра кайталап, кыт куйгандай эске тутуп калам. Ал чыгармалырымды жоро-жолдоштордун арасында, жакындарым менен чогуу олтурганда ырдап коем. Ырларымды атайын ырчыларга берип, ырдатайын деген деле ниетим жок”,- дептир ал журналисттерге берген бир маегинде.


Жыпар Жекшеевдин обон чыгарып, ырдаганына апасынын бешик ырлары менен бала чагында той-топурларда ырдалып жүрчү элдик ырлардын таасири чоң болгон. Анын бир туугандарынын баары уйкаштырып ыр жазган, көркөм өнөргө ышкыбоз жандар. Ал эми Жыпар Жекшеев кыргыз обончуларынын ырларын  ыңгайы келген жерлерде созолонто аткарчу экен. “Жаны кейип , бир нерсеге капа болуп турганда, турмуштун катаал соккулары тийгенде, кара өзгөй адамдардын ыпылас иштерине иренжигенде же бир чарчаганда тоо-ташка чыгып, үнүн бийик чыгарып ырдап, бугун чыгарып алаар эле” деп эскеришет анын жакындары. Анын «Эне», «Бир туугандарга ынтымак» деген ырларын ага-туугандары менен чогулганда ырдап жүрчү экен. Айрыкча өзү чыгарган “Сырдашым шаарым, жылдыздарым” аттуу обондуу ырын үн созуп, ырдаганды жакшы көрчү экен...


“Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде иштеп жүрүп, Ж. Жекшеев ал Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган.


Советтер Союзунда 1985-жылдын апрелинде башталган маалымдуулук, кайра куруу саясаты бара-бара Союзга кирген республикалардын калктарын жандандырып, аларга чыныгы эркиндик тууралуу ачык айтып чыгууга мүмкүндүк ачты. Кайра куруунун желаргысы Кыргызстан жаштарынын жигерин жандандырып, алар республиканын коомдук-саясий турмушуна активдүү аралаша башташты. Ал кездеги жалындуу жаштардын алдыңкы катарында Жыпар Жекшеев да бар болчу.


1989-жыл.  Оңдогон жылдар бою Бишкектеги чоң завод-фабрикаларда айлыгы эң аз жумуштарда эмгектенишкени аз келгенсип, үй-бүлөсү менен жашаганга үйлөрү жок ар кайсы батирлерде бала-бакырасы менен кордук көрүп келген кыргыз жаштары Бишкектин тегерегинен турак-жай салууга жер тилкелерин берүү талабы менен чыгышты. Өз мекенинде ар кимдин короосундагы кепелерде жашап келишкен жаштардын чыдамы түгөнүп, 1989-жылдын апрель-июнь айларында Бишкек шаарынын айланасындагы айдоо жерлерди уруксатсыз ээлей башташты. Компартия төбөлдөрү жаштардын аракетин айыптап, алардын демилгесин колдобой тоотмоксонго салды.


Бийликтегилердин кайдыгерлигине кыжырданган кыргыз жаштары 1990-жылдын июнь айында өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн «Ашар» коомдук-саясий кыймылын жана башка ага таламдаш уюмдарды негиздешкен.

 

Жыпар Жекшеев Кыргызстандагы туңгуч демократиялык уюмдардын бири болгон ошол «Ашар» козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ошондон кийин Жыпар Жекшеевдин ысмы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жетишүү жана өлкөдө демократияны орнотуу процесстери менен тыгыз байланышта болду.


Албетте, "Ашар" кыймылын уюштурууга түрткү болгон өлкөдөгү чечилбей келген курч мүнөздөгү социалдык маселелер болду. Бирок кийинчерээк жаштардын катарына саясий көз караштары калыптанган элге таанымал инсандар кошула баштады. Ошол кезде Советтер Союзунун аймагында болуп жаткан саясий окуялардын таасири менен “Ашар” козголушу саясатташа баштады. Кыймылдын мүчөлөрү көтөрүп чыккан талаптардын ичинде орчундуу саясий талаптар пайда болду.  Ашарчылардын алгачкы саясий митингилеринде биринчи жолу өз алдынча мамлекеттүлүктү, кыргыз тилине мамлекеттик статусун алып берүү жана башка ушундай сыяктуу талаптар көтөрүлгөнү тарыхта калды.


Ал кездеги борбор шаардын жетекчилери “Ашардын” жетекчилерин, айрыкча Ж. Жекшеевди улутчул, түрмөдөн жаңы эле чыккан рецидивист, экстремист деп  коомдук пикир түзгөнгө бардык аракеттерин жумшашты. Анын үстүнөн кылмыш ишин козгошуп, тогуз ай тергөө ишин жүргүзүшүп, үйүн тинтишип, акыры күнөөсүн далилдей албай кылмыш ишин токтотушкан. Ошол эле учурда жаңы конушка үй салуу укугун алган Бишкектин тегерегиндеги жаштарга элди каршы коюу максатында бийлик көптөгөн провокацияларды  уюштурушкан.


Ошол күндөрдү Жыпар Жекшеев мындайча эскерген: “Жаштар арасында КГБ тарабынан кандай гана бузуу, жаруу, кайраштыруу аракеттери жүрбөдү. Ырас, күч колдонуп кыймылды токтотуу үчүн шылтоо керек болчу. Эгерде эле ашарчылар жана аларды активдүү колдогон студенттер, жаштар жана алдынкы интеллигенция өкүлдөрү провокацияга алданып, кандайдыр инцидентке кабылганда, мамлекет күч менен басып, бизди узак мөөнөткө камоосу шексиз эле. Эң алгачкы саясий митингди 1990-жылдын 25-январында Ак үйдүн астында өткөрүп, бирок, эл көп болгондугуна байланыштуу эртеси 26-январда Алатоо аянтында өткөзгөнбүз. Ошол 26-январдагы митинг болоордо КГБ мени кармап кетип, каматуу планын даярдаган экен. Бирок, жаштардын жапырт көтөрүлгөнүн көргөндөн кийин алар жашыруун арам планын ишке ашырууга даашкан эмес”.


Андан кийин 1990-жылдын 5-февралында Фрунзе шаарынын "Жал" кичирайонунун үстүндө чогулган митингке 5-6 миңге жакын адамдар келишип, ага Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы А.Масалиев, Министрлер Советинин төрагасы А.Жумагулов жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Т.Акматов да катышты. Ошондон көп өтпөй өкмөт элдин талабына ылайык, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү чечимин кабыл алды.



1990-жылы Бишкекте «Кыргызстан демократиялык кыймылы» (КДК) аттуу ири саясий уюмдун түзүлүшү өлкө турмушундагы чоң саясий жана тарыхый окуя болду.  Бишкекте өткөн КДКнын уюштуруу конференциясында Жыпар Жекшеев кыймылдын тең төрагаларынын бири болуп шайланды.  Ал башка активисттер менен бирге Кыргызстандагы демократиялык уюмдардын түзүлүшүнүн башатында турган.


КДКга ага чейин уюмдашып калышкан ар кандай 24 коомдук уюм, андан тышкары эч бир уюмда жок атуулдар бирикти. Кыймылга Кыргызстанда жашаган ар кыл улуттардын жана дин өкүлдөрү кошулушту. Алардын арасында "Ашар", "Асаба", "Атуулдук демилге", "Шайлоочулар клубу", "Мемориал" ж.б. ондогон коомдук уюмдар бар болчу.


Жаңы уюмдун программасында Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдоо, демократиячыл көп партиялуу саясий түзүлүштү орнотуу, коммунисттик менчик системасынын ордуна менчиктин көп түрдүүлүгүн киргизүү, жеке менчикке башмыйзам аркылуу жол берүү сыяктуу максаттар коюлган.


ызы кийинчерек жаңы кабыл алынган өлкө Конституциясында жана башка мыйзамдарда чагылдырылды. Уюмдашуу жыйынынын чечимдеринде камтылган ошол кезде СССРдин курамына кирген союздук республикалар Көз карандысыз шериктештик өлкөлөрүнө айланыш керек деген жобо  ошол учурдагы Компартия төбөлдөрүнүн ачуусун келтирип, КДКчыларды "экстремисттер", улуттар ортосуна от жагуучулар деп аташкан. КДК ачык саясий күрөштө чыңдалды. Коммунисттик бийликти отставкага кетирип, өлкөдө президенттик бийликти киргиүүгө зор салым кошту. 1990-жылдын 21-октябрында “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын мүчөлөрү республикабыздын эгемендигин чыңдоо, президенттик башкарууну киргизүү, ал кызматка атаандаштык жолу менен татыктуу адамды шайлоо, көп партиялуулук системасын киргизүү, КПССтин жеке басар бийлигин жоюу сыяктуу талаптар менен саясий ачкачылык жарыялоону чечишти. Алардын аракетин Жогорку Кенештин реформачыл 114 депутаты колдоду. Натыйжада 1990-жылы 22-октябрда башталган Жогорку Кенештин 11-сессиясында Кыргызстандын президентин шайлоо болуп, Компартиянын көрүнүктүү өкүлдөрү бири-бири менен атаандашып, эки жолку добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алардын бири да жетиштүү добуш ала алышпай акырында академик Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланды. Ошол күнү кечинде А.Акаев КДКчылар менен жолукту.

Бийликке А.Акаевдин келиши менен 1990-91-жылдары Кыргызстан  демократиялык өнүгүү жолуна багыт алып, «Эгемендик жөнүндө» Декларация кабыл алынды. Өлкөдө көп партиялуулукка жол ачылды, саясий куугунтуктар токтотулду.


КДКнын түзүлгөнүнө ай айлана электе Кыргызстандын түштүгүндө каргашалуу  окуялар чыгып кетти. КДКчылар Ош окуясы маалында башка тең төрагалар сыяктуу эле Жыпар Жекшеев да калайыкты тынчтыкка, сабырдуулукка чакырып, эл арасында болду.


Кийинчерээк эгемен Кыргызстанда пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү КДКнын ичинен калыптанышып, өз алдынча саясий уюм болуп түзүлүшкөн. КДКдан биринчи болуп 1991-жылы "Эркин Кыргызстан" демократиялык партиясы, андан соң "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясы, “Ата Мекен” партиясы, ошондой эле Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылы ж.б. уюмдар бөлүнүп чыккан.


1992-жылы Элдик-Республикачыл партия, Кыргызстан коммунисттери партиясы, Агрардык партия, 1993-жылы сентябрда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы, 1994-жылы Биримдик партиясы, ж.б. коомдук-саясий уюмдар жана партиялар түзүлдү.  КДКнын мүчөлөрүнүн мурда эч бир саясий партияларга кире элек бөлүгү 1993-жылы Жыпар Жекшеевдин демилгеси менен уюшулган КДК партиясын негиздеген.


Кыргызстан Борбор Азия республикаларынын арасынан демократиялык өнүгүү жолуна багыт алган өлкө катары дүйнө коомчулугуна тааныла алды. 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө» декларацияны кабыл алып, Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болду.

 

Жыпар Жекшеев чыгармачыл инсан, гумандуу кесиптин ээси болгондуктан, күчтүү коомду түзүү үчүн эң алды Ата Мекенди сүйүү, өз мамлекетинин тарыхы менен сыймыктануу, ар-намыс, адептүүлүк жана ар бирибиздеги адамдык асыл сапаттарды сактап калуу жөндөмүбүз, ар бирибиздин ушул сапаттарды урпактарга, келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн жоопкерчилигибиз сыяктуу  дөөлөттөрдү бекем сактоого бүт өмүрүн жана дараметин жумшаган саясатчы болгон.


“Биз, өзүбүз гана, өз Ата Мекенибиздин атуулдары, бири-бирибизге жардам көрсөтүп, колдоо менен гана арууланууга жөндөмдүүбүз. Биз, өзүбүз гана, мамлекетибиздин атуулдары, Кыргызстандын тагдыры боюнча, урпактарыбызга калтыра турган мурас боюнча өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезе билүүбүз керек. Биз өзүбүздүн атуулдук, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий укуктарыбызды толугу менен сезе билип, аны коргошубуз зарыл”,- деп жазган Ж. Жекшеев.


1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы катары Ж. Жекшеев кыргыз мамлекетинде демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө мыйзамдык негиз түзүүгө активдүү катышкан.


2002-жылы Аксыдагы трагедиялуу окуялардан кийин Жыпар Жекшеев Кыргызстандын тагдыры үчүн күйгөн демилгелүү топ менен бирге «Атуулдук Биримдик» аттуу коомдук уюм түзгөн. Уюмдун ишин бүт республика боюнча уюштуруу жана өлкөнүн бардык региондорунан келген өкүлдөр катышкан конференцияны даярдап өткөрүү Ж. Жекшеевге тапшырылган. Бирикме коомдогу прогрессивдүү күчтөрдү бириктирип, бийликке конфронтация түзгөн келишпес оппозиция катары эмес, коомубуздагы кризистин негизги себептери менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташ болгон. Ошол эле учурда бийликтин өлкө жарандарына карата кылган кыянатчылыгынын бетин ачкан.


2005жылдын 24-мартындагы саясий окуялардан кийин Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Элдик революциянын келип чыгышынын себептерин ийне-жибине чейин иликтөөгө катышкан Жыпар Жекшеев ошол кезде мындай деп жазган: ”Жаман падышанын ордуна жакшы падыша келип, бардыгын орду-ордуна коюп, бардык жерде акыйкаттык орнотот” - дегендик - бул бери болгондо эле аңкоолук. Элде «ар бир эл өзүнө жараша башчыга ээ» - деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Тымызын жыйылып жаткан социалдык, укуктук жана саясий негативдерди оргуштатып вулкан жарылгандай сыртка атырылган себеби - айрым саясатчылардын, айрым жогорку кызматтагы бийлик чиновниктеринин өз кызыкчылыктарын коомдукуна карама-каршы койгон өзүм билемдигине биздин башы бош, агым кайда акса ошо менен агып кете берген, унчукпас кайдыгерлигибиз канчалык деңгээлде мүмкүндүк берсе, ошончолук даражада жасоого жол берген өзүбүздүн маңыроолугубуз, үн дебей бардыгына макул болгон жооштук мамилебиздин тереңинде жатат”.



Ал эми 1989-жылдын аягында конспиративдүү түрдө эки сапар Литвага барып, союздук респуликалардын элдик фронтторунун, демократия кыймылдарынын, саясий күчтөрүнүн лидерлери менен жолугушуп, ошол кездеги союздук бийликтин өзүм билемдигинен улам анда болуп өткөн каргашалуу окуяларды чагылдырган видеотасмаларды, башка документтерди көргөн киши катары ал мындай жыйынтык чыгарат: “...элди кайраштырган, Конституцияны, Мыйзамды бузган, абийирин унуткан, өз элинин ичинен душман издеген жана жеке бийлик кызыкчылыгын бардыгынан жогору койгон бийликтин келечеги жок”.



Жыпар Жекшеев жети жыл мурда «Атуулдук биримдикке чакырам» аттуу китеп жазып, Кыргызстан эгемендүүлүүккө жетишкен 1990-жылдан берки демократиялык түзүлүшкө бет алган акыркы 13 жыл ичиндеги өнүгүүнүн оош-кыйыштарын талдаган. “Бүгүнкү кемчиликтердин бардык булактарын, анын негизги себептерин жойбой туруп, биз мындан бийик максатка жетүү үчүн алдыга жыла албайбыз. Атам замандан бери биздин бабаларыбыз - көчмөн кыргыздар кара таандай каптаган жоого кары-жаш, аял-эркек дебей ийиндеш катар туруп, бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып, түмөндөгөн душмандын мизин кайтарышкан, андан кийин чогуусу менен эл башына түшкөн мүшкүлдү баарылап жеңип, турмушту калыбына келтиришкен. Ошондуктан,  өзүлөрүнүн коомдук-тиричилик абалына карабастан, абийирдүүлүк, адептүүлүк, ар-намыстуулук, атуулдук сезим жана жоопкерчилик сыяктуу сапаттарды туу туткан Кыргызстандын бардык атуулдарын биригүүгө чакырам”,- деп жазган өз китебинде Ж. Жекшеев.



Анын пикири боюнча “качан биз ар бирибиздеги кайдыгерликти, эки жүздүүлүктү, жасакерликти, бардык кубанычтарды, кайгы-капаны ичкиликтин суудай түгөнбөгөн агымына чөктүргөн ит адатыбызды жок кылганыбызда гана кийинки денгээлге, атуулдук жоопкерчиликтин, коомдук кыймыл-аракеттүүлүктүн жана натыйжалуу ишкердиктин деңгээлине көтөрүлө алабыз”.


Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон жетекчилердин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленгендей, “коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеевдин басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот”. 



Кара ЧОРОТЕГИН

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн