Жетинин айы 30, 2022
Убакыт: 13:30
USD
84.50
85.50
EUR
88.50
89.50
RUB
1.372
1.430

Жыргалбек Касаболот: Маданий туризмдин заманбап стратегиясы зарыл

14.11.2022 10:47
455
Жыргалбек Касаболот: Маданий туризмдин заманбап стратегиясы зарыл



Бул дүйнөдөгү ар кыл тажрыйба – ресторандардагы швед дасторкону сыяктуу. Андан ар бир эл, ар бир өлкө өзүнө ылайыктуусун, сиңимдүүсүн, керегин тандап алып, пайдасын көрүүгө акысы да, мүмкүнчүлүгү да бар. Бул айрыкча мурда-кийин жасап көрбөгөн, биз үчүн жаңы нерселерге мүнөздүү. Азыркы тапта Кыргызстан көп тармактарда ушундай ыкманы колдонуп, ички өзгөчөлүгүнө, көздөгөн максатына жараша колдоно турган убак келип атат. Алардын бири – туризм тармагын өнүктүрүүнүн ар кыл моделдери. 

Жалаң жаратылышка басым жасап, күч келтирген туризмге ашыкча үмүт артуу эмнеси менен зыян экенин мурун кеп кылганбыз (ушул баракчадагы “Табиятыбызга таазим” аттуу макала). Кыскача эске сала кетсек, андай туризм бир жагынан жаратылыш ресурстарына зыян келтирип, экинчи жагынан келген туристтерде жергиликтүү элдин үрп-адатын, нарк-насилин уруп ойнобогон өңчөй керектөөчүлүк көз карашты калыптандырат. Туристтерге, тагыраагы алардын акчасына сокур сыйынуу Таиланд сыяктуу мамлекеттердин кадыр-баркын дүйнөлүк сойкукананын деңгээлине чейин түшүрдү. Инвесторлорго ашыкча ишенген грузиндер азыр айрым жерлерде арабдарга сатып жиберген жерлерин кайра өз карамагына кайтара албай отурушканын барган кесиптештер айтып беришкен. Кыскасы, жаратылышыбызга кам көрбөй, тескерисинче валютага айландыра берүү адаты жакшылыкка алып келбейт. 

Илгери бир катар өлкөлөр жаратылышы начар болсо да туризмдин булагына диндин өзүн айландырганга жетишкен. Алыс барбай эле бир кезде араб элинин мекенчил, көрөгөч уулу Мухаммед түзүп кеткен диний система башкадан мурун Сауд Арабиясынын казынасына азыр да оңбогондой киреше түшүрүп келатат. Илгертен бери диний зыярат практикасы бир катар өлкөлөрдүн акча булагына айланган. Жыл сайын Ватиканга миңдеген христиандар Рим папасын бир көрүп кетиш үчүн эле агылат. Индуизмдин толгон-токой багыттарындагы руханий практикаларды үйрөнүш үчүн дүйнө жүзүнөн келгендер бар. 

Илим-билим өнүккөн сайын туризмдин дагы бир багыты пайда болду. Ал - медициналык туризм. Түркияга, Израилге, Германияга, Түштүк Кореяга ж. б. бир катар мамлекеттерге көп адамдар дарыланганы барышат. Алар дарылануу үчүн таштаган акчасынан тышкары, ошол жерде жашап, ал жердин кызматынан пайдаланганы үчүн жумшаган акчасы да ушул өлкөлөрдүн ичинде калып, ички дүң өнүмүн арбытууга салым кошот. 

Бирок биз дүйнөгө таасир эткен дин системасын түзүп, аны жайылтууга жетишкен эл эмеспиз. Биз ушу тапта диндердин экспорттоочусу эмес, импорттоочусубуз. Медицинабыздын абалы деле ичтен дарыланбай эле тышка качкыдай абалда. Демек, азырынча жаратылыш ресурстарына таянбаган туризмдин биз үчүн бир гана алгылыктуу альтернативасы же кошумчасы бар. Ал – маданий туризм. Туура пайдаланса ал киреше гана түшүрүп тим болбостон, маданияттын өнүгүшүнө да чоң салым кошо ала турган дарамети көп. 

Санкт-Петербургдагы Эрмитаж музейи бүткүл дүйнө жүзүнөн сүрөт ышкыбоздорун өзүнө тартып келет. Анткени анчалык бай сүрөт коллекциясы сейрек кездешет. Аты чыккан бир катар орус жазуучуларынын музейлери көрүүчүлөргө өз доорунун атмосферасын тартуулайт. Индиядагы Тадж-Махал мемориалы бул өлкөгө келген туристтердин көбүн кызыктырат. Кытайдагы Улуу кытай сепили, Франциядагы Лувр, Брюсселдеги ратуша ж. б. белгилүү жерлер туристтерди тартып гана тим болбостон, бул өлкөлөрдүн брендине чейин айланган. Ал тургай айрым мамлекеттерде ишкерлер бул үчүн тарыхый жагдайлардан улам түзүлүп калган объектилер аздык кылгансып, маданиятка тиешелүү нерселердин тегерегинде андай объектилерди өздөрү жасап чыгышат. 

Алыс барбай эле Түркияда колдонулган ыкмаларды мисал келтирсем, Стамбул университетине жакын жерде, Сулеймания комплексине бараткан жолдо акындар жакшы көргөн кафе бар. Менюсунун биринчи бетинде тамак-аштын тизмеси болсо, калган беттери ар кайсы акындардын ырлары. Ар бир акынга арналган меню бар. Адабиятка кызыккандар бул жерге атайын келип, менюдагы ырларды окуп, өз чыгармаларын талкуулап кетишет. 

Ушул эле шаардын булуңга жакын бетинде Пьер Лотти аттуу жер бар. Француз саякатчысы жана жазуучусу Пьер Лоттиге арналган бул кооз жайдагы кафе-ресторандын Түркияга болгон-бүткөн тиешеси – жазуучунун каарманы түрк кызга ашык болгону. Бирок ишкерлер ошону да эптүү колдонуп, кыялкечтер үчүн жагымдуу жагдай түзгөнгө жетишкен. 

Султанахмет комплексинин каршысындагы кафе атактуулар келип тамак ичип кеткени менен белгилүү. Алардын бул кафеден ар кайсы жылдары тамактанып жатканын сүрөткө тартып илип алып, кожоюндары өзүнө кардарларды тартуунун ыкмасы катары пайдаланышат. 

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук ачкан, анын романына арналган музейде анын каармандарынын буюм-тайымдары коюлган. Кээде манияга чейин жеткидей психологиялык абалда топтолгон бул буюмдардын бир топтору бир эсе өз доорун чагылдырса, бир эсе аларды чогултуу кыйын деле болгон эмес деген жыйынтыкка келесиң. Ошого карабастан жазуучунун чыгармачылыгына кызыккан көрүүчүлөрдүн аягы үзүлбөйт. 

Түркияда музей-карт системасы иштейт. Өлкөнүн өз жарандары жана виза алган чет элдиктер үчүн музей карт 60 лира турат. Студенттерге андан да арзан, ал эми жаш балдарга таптакыр эле 10 лиралык карталар сатылат. Бул анча чоң акча эмес. Аны менен жалпы Түркиядагы 300 музейге бекер, кезексиз кире берсең болот. Алардын ичинен Стамбулда 6-7 объектиге киргенге мүмкүнчүлүк бар. Эң кызыктуусу – Археологиялык музей. Ичинде антика дооруна тиешелүү экспонаттардын өтө бай коллекциясы топтолгон. 

Мен бул картанын маанисин адегенде түшүнгөн эмесмин. Анткени кадимкидей билет сатылса алда канча кымбатка түшмөк. Бирок кийин түшүндүм. Көрсө музей картасын алган киши баарына кирип жетише албайт экен, а бирок аз болсо да акча түшө берет. Аны сатпаса билет баасын көргөн киши таптакыр кирбей коюшу мүмкүн. Киши эч кайсы билет сатып албай койгонуна караганда музей картасынын сатылышы менимче алда канча көп киреше алып келип, музейлерге тартуунун да эң жакшы ыкмасы болуп кызмат кылат. 

Шаардын булуңга караган бетинде Балат аттуу район бар. Архитектурасы, жашаган элдин турмушу бир топ кызык. Ошентсе да негизинен жарды район болгондуктан мурун ага эч ким деле келчү эмес экен. Бирок бул район тууралуу фильм тартылган соң андагы мейманканалардын баасы кымбаттап кеткен. 

Осмон империясы тууралуу сериалдар тартылгандан бери Стамбулда ага байланышкан аталыштардагы ресторандар, кафелер, мончолор, мейманканалар жайнап кетти. Демек, кино тармагы туристтерди тартууга түздөн-түз кызмат кылууда. 

Бул жалаң эле Түркияга мүнөздүү көрүнүш эмес. Кореянын тарыхый фильмдери дүйнө жүзүнө тарады. Мындай фильмдер корей элинин турмушундагы ар кайсы тармактардын (дарыгерлик, сүрөтчүлүк, ашпозчулук, тигүүчүлүк, каллиграфия, кол өнөрчүлүк, укук тартиби ж. б.) өнүгүш тарыхын, салт-санаасын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын эң сонун чагылдырат. Бул айрыкча орусиялыктарды өзүнө тартып, атайын ошон үчүн барып жашагысы келгендер ушу тапта четтен табылат. 

Кыргызстан ушул тажрыйбанын баарын кантип пайдалана алат? Аны жергиликтүү өзгөчөлүктөргө кандай ылайыктаса болот? 

Адегенде эле эске сала турган жагдай – бизде тарыхый жайлар (сепилдер, урандылар, казындылар) башынан эле аз. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен “Манас” эпосун эске албаганда, көп адабий мурасыбыз башка тилдерге анча көп которулган эмес. 

Мындай жагдайда маданий туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясы үч компонентти камтышы зарыл. Алар бир учурда башталып, бирок үчөө үч башка мезгилди камтыйт. 

Биринчи компоненттин алкагында дүйнөгө аздыр-көптүр жакшы таанылган мурасыбызды пайдалануудан башташыбыз керек. Мисалы, Манас комплекстерине жакын жерде улуу эпосубуздун башка тилдердеги котормолорун сатыкка чыгарсак жакшы. Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине жакын жерге анын кыргыз же орус тилинде эмес, башка тилдерде чыккан китептерин саттырып койгон оң болот. Бир учурда анын каармандарына байланышкан чакан музейлерди ачып, экспонаттарынын аталыштарын англисче жазып чыгуу маанилүү. 

Экинчи компоненттин алкагында колдо болгон адабий чыгармалардын эң мыктыларын, эл аралык деңгээлде чоң кызыгуу жарата тургандарын иргеп чыгып, дүйнө тилдерине которо башташ керек. Аларга сырткы дүйнөдөн кызыгуу кандай болуп жатканына мониторинг жүргүзүп, ийгиликке жеткендерине байланыштуу туристтик объектилерди кура берсек болот. Кийин аларга туристтерди тарта баштайбыз. Алыс барбай эле “Кожожаш” фильмин дүйнө тилдеринде тарата алсак – кыйла резонанс жаратаары шексиз. Экология маселеси кабыргасынан коюлуп жаткан биздин доордо бул фильмдин экинчи өмүрү башталарына менин көзүм жетип эле турат. 

Үчүнчү компонентти жаңыдан башташка туура келет. Анын негизи – экспорттук мазмундагы кино тартып, дүйнө тилдеринде чыгаруу. Мунун жакшы өрнөгү “Курманжан датка” фильми болуп калды. Эми ушул салтты улантып, дүйнөлүк кино ышкыбоздоруна кыргыз дүйнөсүн жакшы жагынан тааныта турган прозалык чыгармаларды, кенже эпосторду, жомокторду, уламыштарды киного айлантуу максатка ылайык. Эгер бул фильмдер конкреттүү жерлерге, объектилерге ж. б. байланса андан бетер жакшы. Анткени кийин ошолордун баары туристтик объектиге айланат. Мисалы, “Сынган кылыч” боюнча фильм тартылса, андагы каармандардын жашаган жеринин баарына бирден объект ачып чыкса болот. 

Маданий туризм кыргыздын жакшы жагын дүйнө элдерине таанытып, акча табыш үчүн эле керек эмес. Биринчиден эл байыган сайын өлкөбүздө ички туризм да кеңири тамыр жаят. Демек, бул багыттагы иштердин өз элибизге да кыйыр түрдө тарбиялык мааниси болот. Экинчиден бул иш башталган соң кыргыздын өзү үчүн кандай маданият зарыл экени да бара-бара түшүнүктүү боло баштайт. Үчүнчүдөн маданий мурасыбыз өзүнөн өзү иргелип, мезгилдин элегинен өткөн бир топ чыгармалар алдыңкы планга чыгат. Бул чоң иш. 

Албетте, жогоруда айтылгандардын баары – маданий туризмди өнүктүрүүнүн жападан жалгыз жолу эмес. Адистер, маданият тармагынын өкүлдөрү жана башкалар өз сунуштарын айтышаар. Болгону биздин эл азыркы дүйнөлөшүү доорунда маданий таасирдин объекти эле эмес, субъекти да болушуна мезгил жеткенин эске алганыбыз оң. 

Анкени чын-чынына келгенде уучубуз куру эмес. Кыргыздын дүйнөгө берери али алдыда. 


Жыргалбек Касаболот

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн