Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жириновский Нурсултан Назарбаевдин эчак эле көз жумганын билдирди

16.01.2022 15:16
1565
Жириновский Нурсултан Назарбаевдин эчак эле көз жумганын билдирди


Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев эчак эле каза болуп, сөөгү жерге берилген болсо керек. Мындай пикирин Либерал-демократиялык партиянын төрагасы Владимир Жириновский “Комсомольская правда” радиосуна билдирди.


"Менин оюмча, ал эчак эле каза болгон. Ал көп убакыт мурун каза болуп, жерге берилген", - деген Жириновский мусулмандарда өлгөн күнү адамдарды көмүү салт экенин кошумчалаган.


Жириновскийдин айтымында, адам «мынчалык тымпыйып жашынып», эч нерсе дебей, тирүү кала албайт. ЛДПР лидери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) мурдагы башчысы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен кызматынан бошотулгандан бир жумадан кийин камакка алынганын эске салды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн