Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду.
Каттоодон өткөн 82 депутаттын 68 "макул" добуш берген.
Буга чейин Бакыт Төрөбаев парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты болуп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн