Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы жыйында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырып, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн