Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн 8-сентябрда айрым саясатчы жана активисттерди тыңшоо боюнча ИИМдин отчетун угуп жатат.
Депутат Дастан Бекешев тыңшоого алынган саясатчылар эмне үчүн тыңшоого алынганын сурады.
Ички иштер министринин орун басары алар октябрь окуяларына байланыштуу экенин билдирди.
"Эмне үчүн анда ошол жерде жүргөн, ошол жерде сөз сүйлөгөн айрым чоңдор суракка чакырылбайт. Мен өзүм алар менен ошол жерде учурашканмын",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн