Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жогорку Кеңеш суроо бербестен жаңы министрди дайындоого макулдук берди

17.03.2023 09:23
253
Жогорку Кеңеш суроо бербестен жаңы министрди дайындоого макулдук берди

16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги жактырылды.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.


Белгилей кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыгына ылайык, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн