Бештин айы 08, 2023
Убакыт: 06:17
USD
89.20
89.72
EUR
96.10
97.10
RUB
0.950
0.985

Жогорку Кеңешке Фархат Исмаиловдун ордуна жаңы депутат келди

21.11.2023 18:13
207
Жогорку Кеңешке Фархат Исмаиловдун ордуна  жаңы депутат келди


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Чынберди Төлөновго өткөрүп берди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.


Чынберди Төлөнов ЖКнын депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.


Жасалма диплому ачыкка чыгып, мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду. Мындай чечимге экс-депутат сотко нааразы болуп кайрылган, бирок талабы канааттандырылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн