Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жогорку Кеңешке Тазабек Икрамовдун ордуна Алтынбек Кылычбаев депутат болуп келди

27.09.2024 09:38
72
Жогорку Кеңешке Тазабек Икрамовдун ордуна Алтынбек Кылычбаев депутат болуп келди


Борбордук шайлоо комиссиясы №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.


Маалым болгондой, кезексиз шайлоодо мандат үчүн 15 талапкер катталып, бирок жети талапкер катышкан.


Мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн шайлоодо район боюнча 21 миң 57 шайлоочу же шайлоо тизмесине киргендердин 16,92 пайызы добуш берди.


Алтынбек Кылычбаев эң көп – 10 миң 174 (48,32 пайыз) добуш алды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты катары таанылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн