“Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Шайлообек Атазов Айыл чарба министрлигин реформалоону сунуштады.
Анын айтымында, башкармалык өз милдеттерин аткарбай жатат.
«Министрликти реформалап, кадр маселесине көңүл бурушубуз керек. Айыл чарба бөлүмүн түзүп, министр Аскарбек Жаныбековду президенттик аппаратка жөнөтүш керек, ал интеллигент катары ошол жерде кагаз менен иштей тургандай. Бизге резина өтүк, фуфайкачан иштей турган министр керек», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн