Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Максатбек Сарыбагышев министрдин ишине нааразылык билдирип, отставкага кетишин талап кылды.
Министр өз кезегинде "креслого" жабышып алган жери жок экенин, татыктуу талапкер болсо кызмат ордун бошотуп берерин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн