Бүгүн, 1-сентябрда VI чакырылыштын депутаттары кезектеги сессияга чогулду.
Алгач төрага депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
Андан кийин Жогорку Кеңеште жаңы депутат Авазбек Абдугапаров ант берди.
Ал "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Үмбеталы Кадыралиевдин ордуна депутат болду.
Үмбеталы Кадыралиев "Кыргыз алтын" ишканасына башкы директор болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн