Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 15:41
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында MCN Сoin криптовалюта маселеси көтөрүлдү

05.02.2025 13:24
23
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында MCN Сoin криптовалюта маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында MCN Сoin криптовалюта маселеси көтөрүлдү. Депутаттар элди "аферисттерге алданбоого" чакырышууда.


Белгилей кетсек, соцтармактарда аймактардагы элди акчасын MCN Сoin криптовалютасына салууга чакырып жаткан адамдардын видеолору тарады. Үгүтчүлөр жарандардын ар бир сатып алган койну бир аз убакыттан кийин 100 миң сомдон 100 миң долларга чейин жетип, эбегейсиз пайда көрүшөрүн айтышкан.


"Эч ким силердин 100 сомуңарды 1000 сом кылып бербейт. Ушундай аферисттер чыгары менен текшерип, документтеринин бар-жогу тууралуу элге маалымат берилиши керек", — деди депутат Эрулан Көкүлов.


Аны кесиптеши Бактыяр Калпаев колдоп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.


"MCN Сoin криптовалютасы деп ачып алып, азыр акча салсаңар эки айда 100 миң сом, бир жылда 100 миң доллар болот деп Кыргызстанды кыдырып жүрүшөт. Ушуларга жазаны күчөтпөсөк, анда эртең "урматтуу президент, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич" деген кайрылуулар башталат. Буга катуу чара көрүш керек", — деди эл өкүлү.


Ал эми депутат Марлен Маматалиев каржы пирамидалары менен күрөш алданган жарандардын кайрылуусунан кийин гана башталарын белгиледи.


"Бизге алдамчылык менен күрөшүү эмес, алдын алуу керек, анткени Улуттук банкка, Финансылык чалгынга жана Ички иштер министрлигине арыз түшмөйүнчө эч нерсе кылышпайт", — деди Маматалиев.


Айрым ЖМКлар бул криптовалюта тууралуу маалымат УКМКга өткөрүп берилгенин жазышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн