Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты чек арадагы Достук айылынын тургундары жана аскер кызматкерлери менен жолугушту

19.04.2022 10:59
481
Жогорку Кеңештин депутаты чек арадагы Достук айылынын тургундары жана аскер кызматкерлери менен жолугушту

15-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чынгыз Ажибаев Лейлек районундагы Достук айылынын тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн соңку окуялардан кийинки кырдаал жана көйгөйлөр менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Анын ичинен чек ара заставасында болуп, нөөмөттө турган аскер кызматкерлери менен учурдагы абал боюнча баарлашты.


Ошондой эле айыл тургундары менен да жолугушкан эл өкүлү Лейлек аймактык ооруканасында болуп, оорукананын көйгөйлөрүн жеринде көрүп чыкты.

Жолугушууларга тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү да катышты.


Баарлашуу маалында Лейлек районунун тургундары коопсуздукту камсыз кылуу жана бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү тез арада чечүү артыкчылыктуу маселелердин бири экендигин белгилешти. Чынгыз Ажибаев тургундарды түйшөлткөн көйгөйлөрдү өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен биргеликте чечүүнү колго аларын баса белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн