Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жабык эшик артында өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карады. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каттоодон өткөн депутаттардын баары комиссиянын чечими менен макул болгон.
Эске салсак, Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийин ал “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өткөртүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн