Катуу тийсе да айтууга туура келет, улам жаңы чакырылышка келген депутаттардын деңгээли мурдагысына салыштырмалуу төмөндөп эле бараткан тенденция байкалууда. Тээ эгемендик алган алгачкы жылдардагы легендарлуу парламенттин депутаттары кандай эле? Арасында академиктери, илимдин докторлору, эл жазуучулары, эл акындары, дасыккан юристтер, мыкты экономисттер бар болчу. Андан кийинки чакырылыштарда да билимдүү, тажрыйбалуу, орду менен сүйлөй алган депутаттар отурду. Анан акырындык менен парламентке базаркомдор, алып сатармандар, «атамандар», криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен мамилеси барлар келе баштады.
Анын натыйжасында аты эле айтып турган Жогорку Кеңештин деңгээли жогорку болбой эле, төмөнкү деңгээл болуп калды. Азыр парламентте «Эй дебей калсаң, эй!» деп акылы менен билимине караганда, көбүрөөк кара күчүнө таянгандар басымдуулук кылат. Ырас, диплому жок деген депутаттар жок, бирок ошол дипломдорун кандай жол менен алганы тууралуу кызык суроолорду жарата тургандары бар. Мисалы, «Сиздин жогорку билимдүү экендигиңиз тууралуу дипломуңуз жасалма деп жатышат, ушул чынбы?» деген суроодон тамашага салымыш болуп, жооп берүүдөн качып кеткендерди көрүп жүрөбүз. Биринчи диплому жасалма экени аз келгенсип, ошол диплому менен экинчи ЖОЖко тапшырып, аны да аяктап алышкандарын коомчулук билет.
«Эл аралык» деген сөздү так айта албаган кээ бир депутаттар «Эл агартуунун отличниги» болуп алышкан. Кагазга жазылган даяр текстти да маанисин жоготпой окуй албагандар спикерликке чейин көтөрүлдү. «Менин ден соолугум чың, ушул жерден керек болсо отжимания жасап берем» деп опурулган да депутаттар бар. Human деген аталыштагы лабораторияны каратып туруп эле орус тилинде уят сөзгө айлантып салгандарын көрдүк. Дагы бирөөсү жөө жүргөн депутаттарды көргөндө кепкасын баса кийип «уялып» калат. Ошонун баарына карабай, «Биз деген элитабыз да, эмнеге бизди чимкириксиңер дейт» деп кыжырданып да калышат.
Айтор, Жогорку Кеңештин деңгээли өтө төмөнкү чегине жетти. Парламент отурумдарын көрүп отуруп, бир жагынан күлөсүң, экинчи жагынан ыйлайсың. Трагикомедия. Аларды көрүп отурган дүйнө коомчулугу «Депутаттары ушундай болсо, анда эли кандай болду экен?» деп таң калып да, шылдыңдап да отурушса керек. Жакында эле Ак үйдөгү депутаттардын биринин кабинетинин жанына белгисиз бирө «коюу» кылып «отуруп» кетип калганын эл өкүлдөрүнүн бири социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазып чыкты. Анын ушунчалык сасып жатканын да сүрөттөп берген.
Ушунун өзү Жогорку Кеңештин деңгээли жетер чегине жеткенин кабарлап турат. Жадакалса мектепте да минтип коридорго балчайта «отуруп» кетишпейт. Ал эми парламентте мындай окуя болуп кетти.
Демек, парламент депутаттарынын деңгээлин кайрадан көтөрүү аракетин жасоо мезгилдин талабы болуп турат. Себеби, алар эл өкүлдөрү, демек элдин жүзү болот. Бирок, кыргыз элине парламентте муштумуна таянгандар менен отурумдарда мурдун чукуп отургандар татыксыз. Бизге сүйлөгөн сөзү да, жүрүм-туруму да маданияттуу, билими жана тажрыйбасы бар депутаттар керек. Маселени муштум менен чечкиси келгендер рингге чыгышы керек. Парламент мушкерлердин ринги эмес. Ал жерде мамлекеттик маанилүү маселелер талкууланып, мыйзамдар кабыл алынат.
Демек, Жогорку Кеңештин депутаттары милдеттүү түрдө жогорку билимдүү болушу керек деген норма мыйзамга киргизилиши зарыл. Мыйзамдын жаңы редакциясында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жогорку билимдүү болушу боюнча талап жок экен. Бул жакында эле парламенттин отурумунда белгилүү болду. БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекованын айтымында Конституцияда жогорку билим алуу талабы жок, ага жараша Конституциялык мыйзамда да болушу мүмкүн эмес.
Ансыз деле депутаттардын деңгээлин көрүп турабыз. Эми мындан ары таптакыр диплому жоктор да парламентке агылып келишсе эмне болот? Жогорку билими, жеткиликтүү тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат, кантип мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулайт? «Мен бул китепти окуган эмесмин, ошентсе да пикиримди айтып коеюн» дегендей болушабы?
Ойлоно турган убакыт келди. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге милдеттүү шарттар коюлушу керек. Анын эң башкысы жогорку билимдүү экенин тастыктаган жасалмасыз диплом болушу маанилүү. Андан тышкары мамлекеттик кызматтарда, коомдук иштерде, кайсы бир тармакта активдүү иштеп келатканы да эске алынышы зарыл. Жөн эле алып сатармандык кылып жүрүп депутат болуп калуунун кесепети элге гана тийет. Андыктан депутат болгусу келгендер өздөрү да деңгээлдериң салмактап көрүп, муштуму менен жасалма дипломунан башка эч нерсесин көрбөй жатса, демек парламентке келүүдөн өздөрү эле баш тарткандары жакшы. Алар өздөрүнүн билимсиздиги, тажрыйбасыздыгынын натыйжасында элге жана мамлекетке зыян гана тийгизип коюлары мүмкүн.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)