Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин комитети Чүй облусундагы көчмө жыйынында ирригациялык системанын абалы менен таанышты

19.04.2022 12:51
360
Жогорку Кеңештин комитети Чүй облусундагы көчмө жыйынында ирригациялык системанын абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрүп, анда депутаттар ирригация системасынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.


Алгач комитет мүчөлөрү Панфилов районундагы Суу чарба башкармасынын Аспара суу бөлүштүрүүчү түйүнүндөгү көйгөйлөрдү көрдү. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Сокеев былтыркыга салыштырмалуу суу таңкыстыгы бул жылы болбой турганын айтып: “Каналдарды тазалоого дагы жылдагыдан көп акча бөлүнүп, бир топ көйгөйлөр чечилип калды”, – деди. Мындан тышкары Аспара суу бөлүштүрүүчү жайындагы Казакстандын чек арасындагы суунун көлөмүн текшерип туруучу аппараттын иштебей жатканы айтылып, аны калыбына келтирүү үчүн коңшу өлкө менен макулдашуу иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады. Ошону менен бирге эл өкулдөрү Кыргызстан тарапка бөлүнүп чыккан суунун көлөмүн текшерип туруучу жабдууну көрүштү. Учурда ал аппараттын жардамы менен суунун көлөмү күн сайын текшерилип турат. Бирок депутат Алишер Эрбаев суунун көлөмүн жазып туруучу компьютердин иштебей жатканын сынга алды. “Силер суунун ар бир көлөмүн журналга жазып отурбай, ал автоматтык түрдү компьютерге түшүп турушу керек эле. Мындай кол менен жазганда суу жең ичинен сатылып, коррупция токтобой келгенин билебиз”,– деди депутат. Адистер эл өкүлүнө жооп катары сервер иштебей жатканын жүйө келтиришти. Ал эми комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев “Суунун көлөмүн текшерүүчү аппараттар бардык суу бөлүштүрүүчү жайларга орнотулуп, ал онлайн түрүндө көзөмөлдөнүп турушу керек. Бул менен биз суунун кайда кетип жатканын толук билип, тармактагы коррупцияны жое алабыз”, – деп кошумчалады.


Ал эми Панфилов районунун акими Маил Аляскаров ушул жылы айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулгандыктан каналдарды тазалоодо алгылыктуу жумуштар аткарылганын маалымдап: “Панфилов районунда жалпысынан 462 миң чакырым канал болсо анын 114 миң чакырымы тазаланды. Ал үчүн Республикалык бюдеттен 27 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Калган каналдарды да тазалоо иштери уланат”, – деди. Ошондой эле район жетекчиси 14 суу куурларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны менен 400 гектер жерди суу менен камсыз кылса болоорун белгиледи.


Муну менен бирге Панфилов районуна суу сактагыч куруу демилгеси дагы көтөрүлгөнү айтылды. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев “Суу сактагыч канчалык деңгээлде зарыл. Тоодон агып түшкөн суу аны толтура алабы? Бул маселени атайын адистердин жардамы менен изилдеп чыгып, элдин пикирин эска алуу менен куруу керек”, – деди.


Андан ары комитет мүчөлөрү Жайыл районундагы Батыш Чоң Чүй каналын тазалоо иштери менен таанышты. Жайыл районун акими Төрөгелди Түркбаев Чоң Чүй каналы толугу менен тазаланып, ушул жылы райондогу дыйкандарга суу жеткирүүдө көйгөйлөр болбой турганын билдирди.


Комитеттин көчмө жыйыны Москва районундагы Орто каналынын боюнда дагы уланып, ал жерде эл өкүлдөрү канал капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына күбө болушту. Район жетекчиси Ниязбек Козуев: “Орто канал толугу менен бетондолуп, жоготуулардын алдын-алуу аракети көрүлүүдө”, – деди.


Жыйын соңунда депутаттар ирригация иштерин толугу менен аягына чыгарып, дыйкандарга суу бөлүштүрүү маселесин санариптик системага өткөрүү менен сууну үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын Айыл чарба министрлигине табышташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн