Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:35
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Жогорку Кеңештин комитети бир катар эл аралык келишимдерди үчүнчү окууда жактырды

21.10.2024 19:47
44
Жогорку Кеңештин комитети бир катар эл аралык келишимдерди үчүнчү окууда жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бир катар эл аралык келишимдер үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алардын ичинде:

-“2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан өкмөтүнүн жана Казакстан өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,

-“1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору,

-“2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,

-“2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,

-“2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору,

-“2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргызстанда өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн