Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов шайлоого байланыштуу убактылуу ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага өткөрүп берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, Касымалиева мындан ары Жогорку Кеңештин төрайымдык милдетин аткарат.
Ал эми Талант Мамытов "Ынтымак" саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн