Бугу 12, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы 9 депутаттын коштоосунда Россияга барды

25.04.2023 09:37
304
Жогорку Кеңештин төрагасы 9 депутаттын коштоосунда Россияга барды

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды.

Расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынын  Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. 

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн