Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:41
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы МИКтин төрайымына Түркиядагы зилзаланы эскертип, үйлөрдү сапаттуу курууну тапшырды

14.02.2023 14:08
206
Жогорку Кеңештин төрагасы МИКтин төрайымына Түркиядагы зилзаланы эскертип, үйлөрдү сапаттуу курууну тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнованы кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

 Жолугушууда жарандарды турак-жай менен камсыздоо жаатында жасалып жаткан иштер жана каржылык маселелер талкууланды.


Төрага Нурланбек Шакиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги максаты жарандарды арзан турак-жай менен камсыздоо экенин белгилеп: “Бирок компания тарабынан курулуучу объектилердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Бардык курулуш эрежелери сакталып, талаптар аткарылганда гана салынган тамды кезек күткөн жарандарга берүү зарыл. Түркиядагы жаралган кырдаалды эске алып, жоопкерчилик чоң экенин унутпаңыздар”, – деди. Алсак, бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөр курулуп, мамлекеттик ипотека аркылуу жарандарга берилери күтүлүүдө.


Андан тышкары, төрага ипотекалык насыялоодо аймактарга да басым жасоо керектигин айтып: “Нарын, Талас, Токмок, Кара-Балта өңдүү шаарларда да турак-жай алууга муктаж жарандар арбын. Жер тилкесин алууга кезекке тургандар көп, бирок жер жетишсиз. Андыктан көп кабаттуу, заманбап үйлөрдү куруп жеңилдетилген шартта муктаждарга берүү керек”, – деп кошумчалады.


Өз кезегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова өзү жетектеген мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип: “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө 6,2 млрд сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду”,– деди. Муну менен катар 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн айткан төрайым азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9500дөй жаран банктарга кезекке турганын маалымдады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн