Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңештин төрагасы Шайлообек Атазов өткөрүп жаткан бокс боюнча мелдештин ачылышына катышты

28.02.2023 09:12
170
Жогорку Кеңештин төрагасы Шайлообек Атазов өткөрүп жаткан бокс боюнча мелдештин ачылышына катышты

27-февралда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.


Муну менен катар Жогорку Кеңештин атынан ар бир катышуучуга ийгиликтерди каалаган Төрага: “Мелдеште күчтүүнүн күчтүүсү жеңсин”, – деген тилегин билдирди.


Аземдин алкагында төрага Нурланбек Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.


Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн