Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 15:13
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жогорку Кеңештин төрагасы Санкт-Петербургда КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышты

18.04.2025 09:51
60
Жогорку Кеңештин төрагасы Санкт-Петербургда КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышты


Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 


Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында КМШга мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттыруу багытындагы чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.


Тагыраагы билим берүү, экология, коопсуздук маселелери боюнча тыгыз иш алып баруу менен аталган тармактарда парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү сунуштары каралды.


Муну менен катар Ассамблеяга мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына байланышкан баяндамалар жасалып, парламент жетекчилери мерчемделген долбоорлордун жана иш-чаралардын планын бекитишти.


Ошону менен бирге КМШ ПААнын Кеңешинин башкы катчысы жана айрым туруктуу комиссиялардын жетекчилери өткөн жылы жасалган иштердин отчетун беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн