Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу да сөз болду.
Төрага эки элди эгемендик алгандан берки дипломатиялык алакалар эле эмес, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеп: “Анын ичинен “Интергельпо” өндүрүш кооперативинин кыргыз жерине жана кыргыз экономикасына кошкон салымы чоң. Алсак, мындан туура бир кылым мурун кыргыз жергесине аталган кооперативдин алгачкы эшелону келген. Ошол учурдагы кырдаалды эске алганда, кыргыз экономикасынын өнөр жай базасын түзүүдө жана көптөгөн инфраструктуралык объекттерди курууда “Интергельпо” негизги ролду ойногон”, – деди.
Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу: “Жогорку Кеңеш Словакиянын Улуттук Кеңеши менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар. Айрыкча мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, депутаттык достук топторунун алкагындагы кызматташтыкты да өнүктүрүүбүз кажет. Себеби, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Андыктан 20 жылдык депутаттык тажрыйбасы бар министр катары аталган багытта жигердүү иш алып барасыз деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык, банктык чөйрөлөрдө да активдүү кызматташуу зарыл экенин айткан төрага: “Приоритеттүү маселелерге энергетика, транспорт жана инфратүзүм тармактары кирет. Биз туризм, билим берүү жана санариптештирүү жаатында да кызматташтыкты кубаттайбыз. Бизде эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө көп”, – деди.
Өз кезегинде Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар Кыргызстандагы иш сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып, эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы доорун жаратуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
“Кыргыз-словак өнөктөштүгүн кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Андыктан, бүгүнкү жолугушуубуз келечектеги алакаларыбызга дем берет деген үмүттөбүз. Биз Кыргызстан менен бардык багытта кызматташып, парламенттер аралык байланышты да чыңдоого кызыкдарбыз”, – деди министр.
Мындан тышкары Юрай Бланар билим берүү жаатындагы байланыштарды кеңейтүү маселесин көтөрүп, кыргызстандык студенттерди Словакиянын алдыңкы окуу жайларында билим алууга чакырды.
“Бул үчүн бардык шарттарды түзүп, стипендия да төлөп берүүгө даярбыз” – деди Юрай Бланар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн