Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы Сокулуктагы реабилитациялык борбордогу балдардан кабар алды

02.12.2022 14:42
291
Жогорку Кеңештин төрагасы Сокулуктагы реабилитациялык борбордогу балдардан кабар алды



Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барып, социалдык мекеменин ишин жана муктаждыктарын жеринде көрдү.


Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.


Төрага балдардын күчү менен даярдалган концерттик программаны көрүп, сөз сүйлөдү. Анда Нурланбек Шакиев жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери тууралуу сөз кылды. Мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдүн укуктарын сактоо, социалдык жактан коргоо жана башка кепилдиктерди камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн