Бугу 01, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жогорку Кеңештин төрагасы Түркестан шаарына иш сапары менен барды

10.02.2023 09:14
300
Жогорку Кеңештин төрагасы Түркестан шаарына иш сапары менен барды

9-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстан Республикасынын Түркестан шаарындагы Хазрет Султан эл аралык аэропортуна барып конду. 


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегацияны Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Жакип Асанов, Эл аралык кызматташтык, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Аскар Шакиров баштаган депутаттар, ошондой эле Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алды. 


Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышып, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт. Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн