Теке 27, 2024
Убакыт: 13:35
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Жогорку Кеңештин жыйынында Ататүрк паркындагы объектилерди бузуу маселеси көтөрүлдү

15.05.2024 11:46
340
Жогорку Кеңештин жыйынында Ататүрк паркындагы объектилерди бузуу маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Ататүрк паркындагы объектилерди бузуу маселесин көтөрдү.


Ал Бишкек мэриясынан маселени кароону өтүндү.


«Акыркы маалыматтар боюнча, 20-майда Ататүрк паркында 198 объект бузулат. Ал жерде адал эмгеги менен үй алгандар жашайт. Мен коррупционерлерди коргобойм. Мэрия юридикалык деңгээлде иликтесин. Бул участокторду ким чыгарган? Мэр, башка бийлик, шаардык кеңеш? Эмне үчүн алар жоопко тартылбайт? Тургундар митингге чыгып жатышат, алар менен айрым депутаттар жолугушту», - деди эл өкүлү.


Депутат Жалолидин Нурбаев кесиптешинин пикирине кошулду.


«Бизге көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары да кайрылышкан. Алар тынчсызданып жатышат. Президент жерге мунапыс жарыялады. Мүмкүн бул тургундарга да жарыя кылсак болот? Менимче, эл каршы болбойт же жер бөлүп, жаңы сейил бакты түзүш керек. Бул үйлөрдү сатып алуу үчүн тургундар көп убакыт акча чогултуп, чет өлкөдө иштеп жүрүшкөн. Объекттерди бузуп, ал жерден жарандарды чыгаруу туура эмес», - деп белгиледи ал.


Эске сала кетсек, апрель айында мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. «Бишкек Главархитектура» МКнын архивдик маалыматтарына ылайык, 198 объект кайра кайтаруу зонасына кирет. Бирок алардын саны, мэрдин айтымында, мындан да көп болушу мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн