Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жогорку Сот мурдагы президентти 22 жыл эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды

14.01.2021 15:16
593
Жогорку Сот мурдагы президентти 22 жыл эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды

 Түштүк Кореянын Жогорку Соту бүгүн экс-президент Пак Кын Хеге кайталанган  даттануу негизинде 20 жылдык эркинен ажыратылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу KBS телеканалы билдирди.


Жалпысынан саясатчы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, пара алгандыгы жана пара талап кылгандыгы үчүн 22 жылын темир тор артында өткөрүшү керек.


22 жылдын 2 жылын экс-президент к "Сэнури" партиясынан президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараянына мыйзамсыз кийлигишкени үчүн  түрмөдө отурушу керек болот.

2013-жылы Пак Кын Хе Түштүк Кореядагы биринчи аял президент болгон. 2016-жылы декабрда парламент ага импичмент жарыялаган жана ал 2017-жылдын март айында расмий түрдө кызматтан алынган. Бир жылдан кийин сот экс-президентти пара алгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыраткан жана дагы беш жыл  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн берилген. Ошондой эле ага 18 миллиард вон айып пул салынган.

 Андан кийин аппеляциялык сот  жазаны 30 жылга чейин узартты. Андан кийин, өкүм бир нече жолу кайра каралып, экс-президентке коюлган айрым айыптар алынып салынган. Жогорку Сот Пак Кын Хенин ишин биротоло токтотту, анткени анын чечими акыркы болгондуктан, андан ары даттанууга жатпайт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тав
Мына мыйзам!!!