Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрт жаңы судьясын шайлады жана алар ант беришти.
КР Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкерлерди эл өкүлдөрүнө тааныштырып, натыйжада Кумушбек Жоомартов – 99, Нурланбек Атаназаров – 104, Инара Гилязетдинова – 93, Нурмамбет Эшалиев – 92 добуш алышты.
Кошумчаласак, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева бүгүн, 18-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмеге катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн