Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жогорку сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат

01.09.2020 20:14
1418
Жогорку сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат


Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын «Кыргызстан» партиясы боюнча жазган кассациялык даттануусун канааттандырган жок. Мындай чечим бүгүн, 1-сентябрда соттун отурумунда кабыл алынды. 


Жогорку сот Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. 


Буга чейин маалымдалгандай, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү тууралуу чечимин кабыл алган.


БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин айтып, бирок башка адам алып келген деген жүйөө келтирген. Ал эми "Кыргызстан"  партиясы БШКнын мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган.


27-августта Бишкек шаарынын административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырган болчу. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн