Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку соттун төрайымы Эрдоган ачылышына катышкан Кассациялык соттун ачылыш аземине барды

02.09.2021 12:41
527
Жогорку соттун төрайымы Эрдоган ачылышына катышкан Кассациялык соттун ачылыш аземине барды

КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.


Иш чарага Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.


Аземдин ачылышында Кассациялык соттун төрагасы Акаржа Мехмет, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын адвокаттар коллегиясынын президенти, профессор, доктор Метин Фейзиоглу сөз сүйлөштү.


Белгилүү болгондой, Түркиядагы Сот жылынын ачылыш аземи салт боюнча Түркия Республикасынын Кассациялык соту тарабынан өткөрүлөт. Кассациялык соттун жаңы имараты да ушул жылы ачылды. Имарат 191 гектардагы 427 миң чарчы метр жабык аянтты ээлеп, Селжук жана Осмон архитектурасын өзүнө камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн