9-июль
күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы—Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында
жол кырсык катталып, анда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болуп, дагы үчөө
жаракат алган.
Маалыматка караганда, 19-июлда жаракат алган үч жарандын эң улуусу 18 жаштагы К.у.Т каза
болуп, 8 жаштагы кыздын абалы жакшырган. Ал эми 16 жаштагы К.у.Р.нын абалы оор. Учурда анын кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип,
улам суу толуп жатат.
Мындан улам
белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековго жабырлануучунун чоң апасы Кулия Токтосунова
"Үй-бүлөдө туяк калсын” деп кайрылып, адистен небересинин саламаттыгы үчүн
жардам берүүнү суранган.
“Бул белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун колунан келе турган иш экен. Русландын туугандары андан үмүт артып отурушат. Качан Бишкекке келе бергиле деп жооп кылса эле алып барат элек дешип. Балыкчынын врачтары дагы Бишкекке алып барганыңар туура болмок-деп атышыптыр.
Урматтуу
Сабырбек Артисбекович, бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу калды. Анын өмүрүн улоо
сиздин колуңузда болуп турат. Өлкөдөгү азыркы кыйын кырдаалга карабастан, тез
аранын ичинде кайрылууга реакция кылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен
бирдикте жардам бересиз деген ишеничтебиз.
Русландын чоң апасы-Токтосунова Кулия (0700 090 621)
Русландын эжеси Канатбек кызы Мээрим (0509 141 491)”, - деп билдирүү калтырган акыйкатчынын маалымат катчысы Эльмира Мадиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн