Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкектен Ошко чуркап келди

05.04.2021 09:13
1564
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкектен Ошко чуркап келди

Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкектен Ош шаарына чейинки 700 чакырым аралыкты 8 күндө чуркап жетти.


Маалым болгондой, аны тосуп алуу аземине Ош шаардык жана Кара-Суу районунун спорт жана дене тарбия комитетинин башчылары жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абдували Балтабаев катышты.


Оболбек Осмонбеков 700 чакырым жолду аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук болуп кеткенине карабастан эч кыйынчылыксыз багындырганын айтты. Оболбек Осмонбеков 46 жашта, аны коштоп чуркап келген баласы Али Оболбек уулу 22 жашта.


Эске салсак, буга чейин Оболбек Осмонбеков 2020-жылдын 19-июнунда Ат-Башыдан Бишкек шаарын көздөй жөө чуркап чыгып, 24-июнда Бишкек шаарына жеткен болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн