Жетинин айы 07, 2024
Убакыт: 08:52
USD
86.05
86.55
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Жумгалда ата-баланы издөө иштерине 9 дрон менен 116 адам тартылды

31.10.2024 10:27
262
Жумгалда ата-баланы издөө иштерине 9 дрон менен 116 адам тартылды


Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты.

Бүгүн издөө иштери Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген.

Ал эми Токтогул районунда Камбар-Ата 2 ГЭСинен Токтогул суу сактагычына чейинки жана Камбар-Ата-2 жана Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин аралыгындагы Нарын дарыясын болой ӨКМден 8 куткаруучу ИИМдин 2 кызматкери менен эки топко бөлүнүп издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн