Теке 03, 2024
Убакыт: 07:40
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Жумгалда балык уулоого кеткен боюнча бир айдан бери дайынсыз болгон эки кишини издөө иштери жанданды

06.07.2020 09:38
1078
Жумгалда балык уулоого кеткен боюнча бир айдан бери дайынсыз болгон эки кишини издөө иштери жанданды


Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери жанданды.


5-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 11 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес.


Белгилей кетсек,  издөө иштери суунун деңгели көтөрүлүп кеткенине байланыштуу 19-июнда убактылуу токтотулган.


Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн