Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:27
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Жумгалда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштерине жергиликтүү тургундар тартылды

11.06.2020 09:51
973
Жумгалда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштерине жергиликтүү тургундар тартылды

 

Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштерине жергиликтүү тургундар да тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөөгө 13 куткаруучу, ага кошумча жергиликтүү тургундардан 18 адам тартылып издөө иштери улантылып жатат.


Ал эми азырынча издөө иштеринен натыйжа чыкпай жатканы айтылат.


Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн