Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БШКга «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтаруу сунушталды

25.08.2020 17:04
1372
БШКга «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтаруу сунушталды


БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу тартип бузганы үчүн "Кыргызстан" партиясына документтерин кайтарууну сунуштады. Мындай чечимди документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 25-августтагы комиссиянын жыйынында билдирди. 


Анын маалыматына караганда, мындай чечим тиешелүү документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбегени менен байланыштуу. 


Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын саясий партиялардын БШКга тапшырган документтерине байланыштуу өтүп жатат. Ага партиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышууда.


Буга чейин маалымдалгандай, 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоо журналында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерди өткөрүү убактысы оңдолгон.


БШКнын имаратындагы видео байкоолордон «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү документтерин саат 18:00дөн өткөндөн кийин алып келишкени аныкталган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн