Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жумушка орноштурам деп 60 миң сом алып алдап кеткен аял кармалды

28.10.2021 17:10
615
Жумушка орноштурам деп 60 миң сом алып алдап кеткен аял кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинде кызматкерлер алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аял аны алдоо жолу менен Кумтөр компаниясына жумушка орноштурганга жардам берем деп алдап, 60 миң сом акчасын алып, андан ары из жашырып кеткени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.


Териштирүү иштеринде бул ишке шектүү катары 31 жаштагы О.Ж. аттуу аял кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн үстүнөн бир канча арыз келип түшкөн.


Милиция кызматкерлери кимде ким сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге чалууну өтүнөт. Байланыш телефону: 0 702 44-26-42, 0 508 00-77-74 жана 102.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн