Теке 19, 2025
Убакыт: 11:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Жүргүнчү ташыган маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

20.07.2023 10:24
380
Жүргүнчү ташыган маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды


 Ак-Ордо конушунда №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган факт боюнча КЖКнин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Кармалган айдоочу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Эске сала кетсек, күн мурун Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен маршрутканын бир жүргүнчүсү каза болуп, 10го жакын адам жабыркаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн