Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 02:39
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Журналист Мээрим Айныкееваны коркуткан адам УКМКнын кызматкери эмес

22.10.2021 10:41
543
Журналист Мээрим Айныкееваны коркуткан адам УКМКнын кызматкери эмес

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) журналист Мээрим Айныкееванын билдирүүсү боюнча түшүндурмө берди.


Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, белгисиз адам тарабынан кысым көрсөтүлдү деген факты боюнча жаран М. Айныкеевадан түшкөн арызды кароонун алкагында, убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну Н.М уулу аныкталып, УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алынып келинген.


2021-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү Н.М уулу "Шахрезада" ресторанында мас абалында эс алып жаткандыгын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш болгон М. Айныкеева да болгонун айтып түшүндүрдү.


Н.М. уулу ал М. Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Ошол эле учурда Н.М. уулу КР УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты.


Учурда Н.М. уулунун кылган иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн