Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 16:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Журналист Назгүл Мамытова парламенттик шайлоого аттанды

13.10.2021 13:10
3721
Журналист Назгүл Мамытова парламенттик шайлоого аттанды


Кесиптештеримдин ичинен Назгүл Мамытова карындашымды абдан жакшы көрөм. Дайыма Накубай деп эркелетип кайрылам. Себеби, абдан сыйлайм. Учурда жөнөкөй адамдык, жигитчилик сапаттар тоноожниктердин кесепетинен Казакстан аркылуу айланып келип дефицитке айланган товардай болуп калды. Накумда ушул эки сапаттан тышкары, аялзатында ара-чолодо боло турган көкжалдык сапат бар. Адам укугу кордолгон жерде, карапайым кишинин укугун коргоп, чеп болуп тура билген Маргарет Тетчердей көктүгү бар. Жай турмушта Ангела Меркелдей жөнөкөй, жупуну. Энди, ушул жаман карындашым Ысык-Көл округунан бир мандаттуу шайлоого аттанып атыптыр. Көлдүк туугандарым элдин талабын, мүдөөсүн Парламентте татыктуу коргой турган кызыңар аттанып жатыптыр. Уучуңар куру эмес экен. Анын үстүнө бул жерлер мага тааныш. Мен сыйлаган ага-ини Тынычбек жана Рысбек Акматбаевдер жүргөн жерлер. Досум, Алла бейишин берсин, Максат Абакировдун изи калган аймактар...


Алла Таалам жолуңду ачып, аламанда алдыга озуп кел, карындашым Накубай!


Семетей Талас уулу, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн