"Кабарлар" сайтынын башкы директору, журналист Үмүт Мукамбетова кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын маалыматы боюнча, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча сотко чейинки процесстер жүргүзүлгөн.
"Ү.М. 84 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа айдаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу учурунда арыз ээси кармалган видео материалды алып салгандыгы үчүн акча талап кылган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн