Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 06:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жусупбек Коргонбай уулу: Жакшы жактарын айтпайсыңар, депутаттардын үчтөн бири Камчыбек Ташиевдин артында өсүп келе жатат

02.06.2022 17:35
1649
Жусупбек Коргонбай уулу: Жакшы жактарын айтпайсыңар, депутаттардын үчтөн бири Камчыбек Ташиевдин артында өсүп келе жатат

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин иштерин мактады.


Анын айтымында, Камчыбек Ташиев эң кадырлуу саясатчы.


"Карасам, сындай баштадыңар. Эмнеге жакшы жактарын айтпайсыңар? Эмне  "Байрактарды" алып келгенин, өлкөнүн коопсуздугун сактап жатканын айтпайсыңар.


Ушул жердеги депутаттардын үчтөн бири Камчыбек Ташиевдин артында өсүп келе жатат",- деди депутат.


Мындан сырткары, Коргонбай уулу Камчыбек Ташиевге кайрылып аны  жеке кабыл алууну суранды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн